# Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №216 "Ош шаарындагы аты жок көчөгө аталышты ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №216 "Ош шаарындагы аты жок көчөгө аталышты ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/432382>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62413/edition/996397/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/432382.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №216 "Ош шаарындагы аты жок көчөгө аталышты ыйгаруу жөнүндө" токтому (25.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/432382

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2019-жылдын 25-декабры №216 Ош шаарындагы аты жок көчөгө аталышты ыйгаруу жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 2-августундагы №275/08-6 катын, Ош шаарындагы географиялык аталыштардын атын коюу жана өзгөртүү жөнүндөгү атуулдардын жана эмгек жамааттарынын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча комиссиянын отурумунун 2017-жылдын 1-мартындагы №4 протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 28-августундагы №42 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын Тээке айылындагы аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Токо Балтабаевдин ысымы ыйгарылсын (карта тиркелет).

2. Көчөнүн аты жазылган көрнөк такталарды орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) тапшырылсын.

3. Көчөлөрдүн аттары жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) тапшырылсын.

4. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (И.Сансызбаев), шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Токошов) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.

5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, эколо гия, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
