# Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №208 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №208 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 208
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/432375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62406/edition/996335/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/432375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №208 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө" токтому (25.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/432375

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2019-жылдын 25-декабры №208 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы Р.Юсуповдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-16-беренелерине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №47 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы Р.Юсуповдун маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясына (Р.Юсупов):

-менчигинин түрүнө карабастан ар бир ишкана-мекеменин алдында автотоктомо болуусун мыйзам чегинде камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу; -мыйзам талаасындагы иш-аракеттерди активтештирүү; -башкармалыкты кошумча штаттар менен камсыздоо багытында иш алып баруу; -ишкерлер менен мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу багытында тегерек столдорду өткөрүү; -мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу багытында шаардагы тиешелүү кызматтар менен өз ара аракеттерди жүргүзүүнү жана элге маалыматты так жана өз убагында жеткирүүнү колго алуу сунушталсын.

3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
