# 2019-жылдын 25-декабрындагы №210 "Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы №311 «Ош шаарында ипотекалык шартта батирлерди берүү боюнча иш жүргүзүүдө аткарыла турган иштин тартиби, орундатуу жолдору жана финансылык механизмдеринин параметрлерин бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: 2019-жылдын 25-декабрындагы №210 "Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы №311 «Ош шаарында ипотекалык шартта батирлерди берүү боюнча иш жүргүзүүдө аткарыла турган иштин тартиби, орундатуу жолдору жана финансылык механизмдеринин параметрлерин бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/432374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62405/edition/996069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/432374.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2019-жылдын 25-декабрындагы №210 "Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы №311 «Ош шаарында ипотекалык шартта батирлерди берүү боюнча иш жүргүзүүдө аткарыла турган иштин тартиби, орундатуу жолдору жана финансылык механизмдеринин параметрлерин бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (25.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/432374

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2019-жылдын 25-декабры №210 Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы №311 «Ош шаарында ипотекалык шартта батирлерди берүү боюнча иш жүргүзүүдө аткарыла турган иштин тартиби, орундатуу жолдору жана финансылык механизмдеринин параметрлерин бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 28-ноябрындагы №407/08-6 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №27 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы №311 токтомунун тиркемесинин «Пайыздык чен» аталышындагы 7-пунктунун биринчи абзацындагы «6» саны «4» санына алмаштырылсын.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
