# Момбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы №2 "Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Момбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы №2 "Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/432349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62380/edition/996157/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Момбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы №2 "Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (19.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/432349

---

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы

2019-жылдын 19-декабры №2 Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” № 690-токтомуна таянып, Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү максатында Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 29-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган 27-апрель 2018-жылдагы Бостон айылына Кудайназаров Салинин, Жаӊы-Кыштак айылындагы жаӊы конушка Эгембердиев Садиштин, Чамашов Апсаматтын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү № 2- токтому жокко чыгарылсын.

2. Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган 21-август 2019-жылдагы № 2-токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

3. Чек айылындагы мурдагы №12-бригаданын шыйпаӊынын батыш тарабынан жогору карай кеткен көчөнүн эски аталышы боюнча Чек көчөсү калтырылсын жана жаӊы коюлган Мавлянов Көкүмбайдын ысымы жокко чыгарылсын.

-Жазгак айылындагы эски саан короонун ичи эски аталыштагы Жазгак -2 көчөсү калтырылсын жана жаӊы коюлган Шакиров Тагайдын ысымы жокко чыгарылсын. -Курулуш айылындагы мал базардын жогору жагындагы Курулуш, Курулуш-1 көчөлөрүнүн эски аталыштары калтырылсын жана жаӊы коюлган Осмонов Тургуналынын ысымы жокко чыгарылсын.

4. Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн статист-экономисти А Кадировго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Стамбаев
