Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Кыргыз Республикасында борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-12-23.
КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 458 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 19-августу ПЖ № 332 Кыргыз Республикасында борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 469 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр жер-жерлерде аткаруу бийлигинин органдарынын структурасын жана ишин сөзсүз өркүндөтүү зарылчылыгына алып келет, анын негизги максаты бир учурда эле мамлекеттик бийликтин биримдигинин, мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өзалдынча башкаруунун функцияларын ажыратуунун конституциялык принцибин сактоо менен өз аймагында шайма-шай, өзүн-өзү камсыз кылган жана иштин абалы үчүн жоопкерчиликтүү жергиликтүү бийликти түзүү болуп саналат. Аткаруу бийлигинин аймактык орондарынын жетекчилеринин айрым категорияларын "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна негизделген жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы менен макулдашпастан дайындоонун азыркы системасы жергиликтүү бийликтерди жалпы мамлекеттик, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө демилге көтөрүп жана жигердүү таасир тийгизүүгө болгон кызыгуусунан ажыратып, кээ бир мамлекеттик функцияларды ашкере борборштуруу тенденциясын өнүктүрүүгө шарт түзөт. Мындай абал өзалдынча башкарууну өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жарандарды мамлекеттик жана коомдук иштерди башкаруу процессине кыйла толук тартуу боюнча стратегиялык максаттарга толук ылайык келбейт. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясынын 3-пунктун жана 76-статьясынын 1-пунктун жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын борбордук башкаруу органдарынын жетекчилери жана Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасынын аткаруу органынын жетекчиси мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу маселесин тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчылары менен милдеттүү түрдө жана сөзсүз макулдашууну камсыз кылсын.
Бул жобонун Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын, Улуттук коопсуздук кызматынын, Чегара кызматынын жана Улуттук статистика комитетинин жетекчилерине тиешеси жок. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 469 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:
- ушул Жарлыктан келип чыккан тийиштүү мыйзам долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- өзүнүн ченемдик укук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- КР Президентинин 2008-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 458 "Кыргыз Республикасынын региондорунда кадр саясатын ишке ашырууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана…Указ · 23.12.2008 · № 458 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 15-сентябрындагы, №432 " Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик кошуундарынын катарынан анык аскердик жана…Постановление · 15.09.2005 · № 432 · Күчүн жоготкон
- Президентинин 2006-жылдын 26-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар…Указ · 26.09.2006 · № 469 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2 февралындагы №122 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 22.02.2006 · № 122 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 апреля 2006 года №310 " О проекте Закона Кыргызской Республики «О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики «Об основных положениях…Постановление · 27.04.2006 · № 310 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О местном самоуправлении и местной государственной администрацииЗакон · 12.01.2002 · № 5 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон