# Дөбөлү айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-сентябрындагы №34/3 "Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Дөбөлү айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-сентябрындагы №34/3 "Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34/3
- Кабыл алынган күнү: 06.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/432215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62251/edition/994105/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дөбөлү айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-сентябрындагы №34/3 "Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө"токтому (06.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/432215

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Дөбөлү айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги 34-сессиясы

2019-жылдын 6-сентябры №34/3 Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу №512 токтому менен бекитилген убактылуу тартипке ылайык, айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөбөлү айыл аймагынан Кенеш айылынын №477 контурдагы 3 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап, сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Алсеитовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тийиштүү комитетке тапшырылсын.

Төрага

Уланбек уулу Ж
