# 2019-жылдын 26-сентябры №205 "Ош шаарынын прокуратурасынын Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы№129 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө"

- Толук аталышы: 2019-жылдын 26-сентябры №205 "Ош шаарынын прокуратурасынын Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы№129 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 205
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/432153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62197/edition/992255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/432153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2019-жылдын 26-сентябры №205 "Ош шаарынын прокуратурасынын Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы№129 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө" (26.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/432153

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы (IVчакырылыш)

2019-жылдын 26-сентябры №205 Ош шаарынын прокуратурасынын Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы№129 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө Ош шаарынын прокуратурасынын 2019-жылдын 17-январындагы Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы “Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” №129 токтомуна карата № 11-7д-51-19 каршы пикирин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 16, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12–беренелерине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 28-августундагы №44 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы “Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” №129 токтому жокко чыгарылсын.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
