# Терек-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 06-августундагы № 1 "Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө материалдарын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Терек-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 06-августундагы № 1 "Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө материалдарын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/431963>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62008/edition/1015921/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терек-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 06-августундагы № 1 "Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө материалдарын бекитүү жөнүндө" токтому (06.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/431963

---

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү ХV сессиясы

2019-жылдын 06-августу № 1 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө материалдарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын 2019-жылынын баш оона айынын 05-деги № 1 буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Терек-Сай айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө материалдарын карап чыгып, Терек-Сай айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдары бекитилсин.

2. Чаткал районун Терек-Сай айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдар жактырылсын.

3. Терек-Сай айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө боюнча материалдарын, райондун администрациясына бекитип берүүгө , киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2018-жылдын бирдин айынын 22-деги № 19 буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.

4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевге милдеттендирилсин.

5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Төрага

Ажакматов И. К.
