# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 9-августундагы ПЖ № 307 "2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасында туризмди андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 9-августундагы ПЖ № 307 "2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасында туризмди андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 307
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4317>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1952/edition/1162667/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4317.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 9-августундагы ПЖ № 307 "2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасында туризмди андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы (09.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4317

---

КР Президентинин

2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 9-августу ПЖ № 307

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН

АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү

үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз

Республикасында туризмди андан ары өнүктүрүү

боюнча чаралар жөнүндө

2005-жылы туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү, Кыргыз Республика-

сында туризм жана эс алуу индустриясын андан ары өнүктүрүү үчүн жагым-

дуу шарттарды түзүү максатында токтом кылам:

1. Туризм Кыргызстандын экономикасынын мамлекеттик бюджетти толту-

руу үчүн кыйла экспорттук мүмкүнчүлүктөргө жана потенциалга ээ болгон

артыкчылыктуу тармагы деп эсептелсин.

2. 2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды

түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргызстанды туризм

өлкөсү катары алга илгерилетүү боюнча Уюм" долбоорун тењ финансылоо бо-

юнча кабыл алынган милдеттенмелерди Кыргыз Республикасынын Туризм,

спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетине каралган кара-

жаттардын чектеринде аткарууну камсыз кылсын.

3. Кыргызстанда туризмди андан ары өнүктүрүү жана экологиялык ба-

лансты сактоо боюнча чараларды турмушка ашыруунун алкагында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү:

- 2006-жылга жана кийинки 5 жылга республикалык бюджетте Кыргызс-

танды туризм өлкөсү катары алга илгерилетүү боюнча ишчараларга

бөлүнүүчү финансылык каражаттарды көбөйтүүнү жана туристтик кызмат

көрсөтүүлөргө суроо-талапты жогорулатууну карасын;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте туризмди

өнүктүрүү жагынан алда канча келечектүү администрациялык аймактарда ту-

ристтик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө жагымдуу болгон өзгөчө иш ре-

жими бар атайын туристтик зоналарды түзүү мүмкүнчүлүгүн карасын;

- Ысыккөл областынын мамлекеттик администрациясы менен бирдикте

төмөнкүдөй маселелерди чечсин:

Ысыккөлгө туристтик жолжомолорду компьютердик брондоо жана сатуу

мүмкүнчүлүгү менен 2006-жылы Алматы шаарында (Казакстан Республикасы)

маалыматтын жана курорттук-рекреациялык мекемелердин Туристтик борборун

уюштуруу;

2006-жылдын биринчи жарымынан тартып Алматы шаары (Казакстан Рес-

публикасы) менен Чолпоната шаарынын (Кыргыз Республикасы) ортосунда ту-

руктуу автомобилдик байланышты уюштуруу;

- тиешелүү илим изилдөө институттарын кошуу менен 2006-жылы тие-

шелүү аймактарда антропогендик оорчулуктун илимий жактан негизделген

ченемдерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өнөктөштүк жана кызматташтык

принциптеринде:

- Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясы менен бирдикте "Соци-

алдык туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп

чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизсин;

- туристтик уюмдар менен бирдикте Кыргызстанда туризм индустриясы-

нын иштешине жана өнүгүшүнө тоскоолдук кылган ченемдик укуктук актылар-

ды текшерүүнү жүргүзсүн.

5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
