Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун ПЖ № 307 «2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасында туризмди андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-08-09.
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 9-августу ПЖ № 307
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ
2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү
үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз
Республикасында туризмди андан ары өнүктүрүү
боюнча чаралар жөнүндө
2005-жылы туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү, Кыргыз Республика-
сында туризм жана эс алуу индустриясын андан ары өнүктүрүү үчүн жагым-
дуу шарттарды түзүү максатында токтом кылам:
1. Туризм Кыргызстандын экономикасынын мамлекеттик бюджетти толту-
руу үчүн кыйла экспорттук мүмкүнчүлүктөргө жана потенциалга ээ болгон
артыкчылыктуу тармагы деп эсептелсин.
2. 2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды
түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргызстанды туризм
өлкөсү катары алга илгерилетүү боюнча Уюм" долбоорун тењ финансылоо бо-
юнча кабыл алынган милдеттенмелерди Кыргыз Республикасынын Туризм,
спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетине каралган кара-
жаттардын чектеринде аткарууну камсыз кылсын.
3. Кыргызстанда туризмди андан ары өнүктүрүү жана экологиялык ба-
лансты сактоо боюнча чараларды турмушка ашыруунун алкагында Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү:
- 2006-жылга жана кийинки 5 жылга республикалык бюджетте Кыргызс-
танды туризм өлкөсү катары алга илгерилетүү боюнча ишчараларга
бөлүнүүчү финансылык каражаттарды көбөйтүүнү жана туристтик кызмат
көрсөтүүлөргө суроо-талапты жогорулатууну карасын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте туризмди
өнүктүрүү жагынан алда канча келечектүү администрациялык аймактарда ту-
ристтик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө жагымдуу болгон өзгөчө иш ре-
жими бар атайын туристтик зоналарды түзүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
- Ысыккөл областынын мамлекеттик администрациясы менен бирдикте
төмөнкүдөй маселелерди чечсин:
Ысыккөлгө туристтик жолжомолорду компьютердик брондоо жана сатуу
мүмкүнчүлүгү менен 2006-жылы Алматы шаарында (Казакстан Республикасы)
маалыматтын жана курорттук-рекреациялык мекемелердин Туристтик борборун
уюштуруу;
2006-жылдын биринчи жарымынан тартып Алматы шаары (Казакстан Рес-
публикасы) менен Чолпоната шаарынын (Кыргыз Республикасы) ортосунда ту-
руктуу автомобилдик байланышты уюштуруу;
- тиешелүү илим изилдөө институттарын кошуу менен 2006-жылы тие-
шелүү аймактарда антропогендик оорчулуктун илимий жактан негизделген
ченемдерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өнөктөштүк жана кызматташтык
принциптеринде:
- Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясы менен бирдикте "Соци-
алдык туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп
чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизсин;
- туристтик уюмдар менен бирдикте Кыргызстанда туризм индустриясы-
нын иштешине жана өнүгүшүнө тоскоолдук кылган ченемдик укуктук актылар-
ды текшерүүнү жүргүзсүн.
5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-октябрындагы №570-б буйругу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Отчету жактыруу жөнүндө )Распоряжение · 04.10.2006 · № 570
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-майындагы №317 "2008-жылдын туристтик сезонунун жыйынтыктары жана 2009-жылдын туристтик сезонуна даярдык көрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 20.05.2009 · № 317 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 224-б буйругу («Туризм жана Саякат В1ТР-2006» Бишкектеги Биринчи Эл аралык Туристтик Жармаңке 2006-жылдын…Распоряжение · 12.05.2006 · № 224-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-февралындагы № 50 " Кыргыз Республикасында жайгаштыруунун коллективдүү каражаттарын классификациялоонун мамлекеттик системасы…Постановление · 14.02.2008 · № 50 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.02.2009 · № 87 · Күчүн жоготкон