# Масы айылдык кеңешинин 2019-жылдын 02-июлундагы № 10 "Беш-Жыгач айылынын тургуну Махаматалиев Исабектин арызын кароо жөнүндө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Масы айылдык кеңешинин 2019-жылдын 02-июлундагы № 10 "Беш-Жыгач айылынын тургуну Махаматалиев Исабектин арызын кароо жөнүндө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/431506>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-61553/edition/978027/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Масы айылдык кеңешинин 2019-жылдын 02-июлундагы № 10 "Беш-Жыгач айылынын тургуну Махаматалиев Исабектин арызын кароо жөнүндө жөнүндө" токтому (02.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/431506

---

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

2019-жылдын 02-июлу № 10 Беш-Жыгач айылынын тургуну Махаматалиев Исабектин арызын кароо жөнүндө жөнүндө Масы айыл аймагынын Беш-Жыгач айылынын тургуну Махаматалиев Исабектин эл аралык эрежесиз эр уруш боюнча RFCH -6 турнеринде жеңишке жетип келгенин эске алып кийинки мелдештерге даярдануусуна материалдык колдоо көрсөтүү боюнча жазган арызын, күн тартибиндеги түрдүү маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айыл аймагынын Беш-Жыгач айылынын тургуну Махаматалиев Исабектин арызы эске алынсын.

2. Масы айыл аймагынын Беш-Жыгач айылынын тургуну Махаматалиев Исабектин эл аралык эрежесиз эр уруш боюнча RFCH -6 турнеринде жеңишке жетип келгенин эске алып кийинки мелдештерге даярдануусуна материалдык колдоо көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн 10 000 ( он миң) сом акча каражаты бөлүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Нарматов
