Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Акман айылдык кенешинин «Кыргыз Республикасынын жаны доорго кырк кадам планынын негизинде 2018-2023-жылга чейин Акман айыл аймагынын иш планын бекитүү жөнүндө» токтому
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 15-февралы № 8 Кыргыз Республикасынын жаны доорго кырк кадам планынын негизинде 2018-2023-жылга чейин Акман айыл аймагынын иш планын бекитүү жөнүндө Акман айыл өкмөтүнүн башчысы Коконов Марселдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Акман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жаны доорго кырк кадам планынын негизинде 2018-2023 -жылга чейин Акман айыл аймагынын иш планы бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Иш пландын негизинде иш алып баруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы Коконов Марселге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Калыковго милдеттендирилсин.
Төрага
К. Сопуев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023" Программасын ишке ашыруу боюнча Акман айыл аймагында 2018-жылга карата ИШ ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
Чаралар
Индикатор/Күтүлүүчү натыйжа
Ишке ашыруу мөөнөтү
Аткаруучулар
Каржылоо булактары
1
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө зооветеринардык, агротехникалык кызмат көрсөтүү боюнча айылдык тейлөөчү кооперативдерди түзүү
Товардык тейлөө кооперативдеринин иштерин өнүктүрүү үчүн айыл жеринде кызмат көрсөтүүгө шарттар түзүлөт
2018-2023-жылдар
Акман айыл аймагы
Эл аралык донорлордун жана жергиликтүү каражаттардын чегинде
2
Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү маселелери боюнча жыл сайын көргөзмө-жарманкелерди, фестивалдарды, илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды жана тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү+
Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү маселелери боюнча көргөзмөлөр , семинарлар жана тренингдер өткөрүлдү
Жыл сайын
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджеттин чегинде
3
Айыл чарба продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүү жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана айыл чарба кооперативдери жөнүндө статистикалык маалыматтарды эсепке алуу системасын өркүндөтүүнү камсыз кылуу боюнча жыл сайын көргөзмө-жарманкелерди, фестивалдарды, илимий-практикалык конфренцияларды, семинарларды жана тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү
Айыл чарба кооперативдери жөнүндө статистикалык маалыматтарды эсепке алуу системасы иштелип чыкты
2018-2023-жылдар
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет-тин жана дыйкан-дардын өздук каражат-тарынын чегинде
4
Айыл чарба жерлеринин асылдандыруу жана азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана жерлердин күрдүүлүгүн жогорулатуу максатында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү, жер-жерлерде экологиялык жактан таза продуктуларды камсыздоо боюнча узак мөөнөттүү программаларды ишке киргизүү.
Айыл чарба багытындагы жерлердин күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу менен бирге экологиялык жактан таза айыл чарба продукциялардын көлөмүн көбөйүшүнө шарттар түзүлөт.
Туруктуунегизде
Акман айыл аймагы
Эл аралыкдонорлордунжанажергиликтүүкаражаттарынынчегинде
5
2018-2023-жылдар ичинде органикалык айыл чарба продукцияларын жер аянтын көбөйтүү, жергиликтүү элдин экологиялык жактан таза продуктулар менен камсыздап, ден-соолугун жакшыртуу максатында тамчылатып сугаруу системасын ишге киргизүү менен органикалык айыл чарба принцибиндеги күнөскана чарбаларынын потенциалын өнүктүрүү +
Органикалык аймактарды жана органикалык багыттагы региондук аймактарды түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болуп, органикалык айыл чарба продукцияларын жалпы көлөмү көбөйүүдө.
2018-2023-жылдар
Акман айыл аймагы
Донорлордун гранттык каражаттары, Фермерлердин өздүк каражаттары.
6
Акман айыл аймагындагы айыл чарба жерлериндеги жана элдин үлүш жерлериндеги камыш баскан жерлерди даарылоо жана жок кылуу чараларын көрүү
Айыл чарба продукцияларынын түшумдүүлугун жогорулатуу
2018-2023-жылдар
Акман айыл аймагы
Донорлордун гранттык каражаттары, дыйкандардын өздүк каражаттары, жергилик бюджет
7
Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүү жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана 2018-2022-жылдарга концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу
Концепцияга мониторинг жүргүзүү жана натыйжаларин баалоо үчүн индикаторлор системасы менен концепцияны ишке ашыруу боюнча иш –чаралар планы кабыл алуу.
Туруктуу негизде
Акман айыл аймагы
Донорлордун гранттык каражаттары, жергиликтүү бийлик жана фермерлердин өздүк каражаттары.
8
Айыл чарба багытындагы жерлерди теориялык жактан негизделген которуштуруп айдоону, жана ата мекендик экологиялык таза минералдык жер семирткичтер жана мелиоранттар менен иштөө
Которуштуруп айдоо жана ата мекендик экологиялык жактан таза минералдык жер семирткичтерди пайдалануу негизинде айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүү көлөмү көбөйөт.
Туруктуу негизде
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджеттин чегинде жана жер ээлери тарабынан ишке ашырылат.
9
Мал жандыктарын идентификациялоону улантуу, атайын маалымат базасына түшүрүү, мал жандыктарынын сатылуусун жана сатып алуусуна көзөмолду күчөтүү менен мал жандыктары арасындагы ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алууда эмдөө боюнча айылга пункттарды ачуу, шарт түзуп берүү. .
Элдин мал жандыктарынын өз убагында вакцина алуусуна жана мал уурулуктун алдын алуу чараларын көрүү
Туруктуу негизде
Акман айыл аймагы айыл чарба бөлумү м-н
Жергиликтүү бюджеттин чегинде жана мал ээлери тарабынан ишке ашырылат.
10
Жолбун ит ,мышыктарды жок кылуу иш чарасын аткаруу,ит мышыктарды кутурма,эхинакоккоз оорусун алдын алуу боюнча профилактикалык дарылоо иштерин уюштуруу
Мал арасындагы жугуштуу оорулардын алдын алуу
2018-2023-жылдар
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджеттин чегинде
11
Кооптуу жер бар айылдардагы “сибир жарасы” чыккан кооптуу жайларды дезинфекциялоо(жаз жана күз айларында), 1 штат бирдигинде келишимдин негизинде кароол алып, кооптуу жайларды көзөмөлго алуу
Мал арасындагы жугуштуу оорулардын алдын алуу
2018-2023-жылдар
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджеттин чегинде
12
Акман айыл аймагында жайгашкан вет сервисине
Мал арасындагы жугуштуу оорулардын алдын алуу
2018-2023-жылдар
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджеттин чегинде
13
Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун 2016-жылдын 14-мартындагы № 123 “Арзан турак жай 2015-2020-жж” программасын аткарууга алуу
Жаш үй-бүлөлордун турак жай маселесин чечүү
2018-2023-ж.ж
Акман айыл аймагы
Тышкы инвестиция.
Билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү боюнча
14
Мектеп жашындагы балдарды инклюзивдүү жана көп тилдүү билим алуусуна шарттарды түзүү
Мектеп жашындагы балдардын толук билим алуусуна бирдей шарттарды түзүү
2018-2023
Билим берүү болумү,айыл аймагы Социалдык комиссия
жергиликтүү бюджет, донордуккаражаттар
15
Мектептерге жана балдар бакчаларына видео-көзөмолдөөчү түйүндорүн орнотуу
Балдардын коопсуздугун алдын алуу
2018-жыл
Билим берүү болумү, айыл аймагы Социалдык комиссия
жергиликтүү бюджет, Камкордук кенештери
16
Мектептерге жана балдар бакчаларына таза суу киргизүү
Балдардын ден соолугуна кам көрүү
2018-жыл
Билим берүү болумү, айыл аймагы Социалдык комиссия
жергиликтүү бюджет, Камкордук кенештери
17
Мектеп жашына чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемесине камтуу көрсөткүчүн 30,0% жеткирүү
Мектеп жашына чейинки балдардын билим-тарбия алуусуна шарт түзүү
2018-2020
Билим берүү болумү, айыл аймагы Социалдык комиссия
жергиликтүү бюджет, донордуккаражаттар
18
Акман айыл аймагында жайгашкан 2 балдар бакчаларына жумшак жана каттуу буюмдарды, мектептерге инветарларды сатып алып берүу
Мектеп жашына чейинки балдардын билим-тарбия алуусуна шарт түзүү
2018-2023-жж
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет
19
Акман айыл аймагындагы ички жолдорго кыш мезгилинде щлак (запас) корумдарын даярдоо
Күз-кыш айларында жол коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүү
2018-2023-ж.ж.
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет
20
Акман айыл аймагындагы 2 балдар бакчасына жана 6 мектепке жол белгилерин коюу (12 даана)
Мектеп жашындагы жана мектеп окуучуларын жол коопсуздугунан коргоо
2018-2023-ж.ж
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет
21
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга,балдарга жыл сайын 3-декабрь майыптар күнүнө карата материалдык жардамдарды көрсөтүү
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомго толук кандуу интеграциялоого шарт түзүү
2018-2023-ж.ж
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет, ИНвесторлор ду тартуу, Демөөрчүлордун жардамы
22
2018-жыл ичинде таштандыларды таштоо жайын кенейтүү үчүн катлован каздыруу,рекультивация жасатуу боюнча долбоор даярдоо
Санитардык тазалыкты камсыз кылуу
2018-2023-ж.ж
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет Элдик салым
23
Колот айылындагы Ш. Калыков, Кайырма айылындагы К. Наимов көчөлорунө таза суу түтүкчөлорун киргизүү
Элди таза суу менен камсыздоо,жугуштуу оорулардын алдын алуу
2018-жыл
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет Элдик салым
24
Айылдардын көчөлөрүн жашылдандыруу, лоток жаткыруу, тротуарларын куруу, балдар ойноочу беседкаларды орнотуу
Элдин турмуш-шартын жакшыртуу,жаны конуштагы кожолукта жашаган балдарга шарт түзүү
2019-жыл
Акман айыл аймагы, элдик салым
Жергиликтүү бюджет
25
Акман айыл аймагынын борбордук жана жаны кочолорүн асфальттоо
Жол коопсуздугун алдын алуу.
2022-жыл
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет Элдик салым
26
Акман айыл аймагынын борбордук жана жаны көчөлорун түнкү жарыктандыруу
Элдин коопсуздугун камсыз кылуу,кылмыштуу-луктун алдын алуу
2018-жыл
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет
27
Акман айыл аймагынын жаны конушундагы көчөлоруно трансформатор койдуруу
Электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо чараларын көрүү
2020-жыл
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет
28
Акман айыл аймагындагы жаны конуштарга электр зымдары тарттыруу,темир –бетон мамычаларын орнотуу,керектүү электр жабдуулары менен камсыз кылуу
Жаны конуштарга шарт тузуу
2018-2019-ж.ж
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет
29
“Раяна” балдар бакчасына көмүркана куруу
Күз-кыш мезгилине карата даярдык
2018-жыл
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет Элдик салым
30
№35 орто мектебинин ашканасынына жылуулук системасын орнотуу калган кошумча болмөсүн курулушун бүткөрүү.
“Ден соолук” программасын аткарууга алуу.
2019-жыл
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет Элдик салым
31
№5 Токтогул атындагы орто мектебинин жылуулук системасын куруу.
“Ден соолук” программасын аткарууга алуу.
2018-жыл
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет Элдик салым
32
№5 Токтогул атындагы орто мектебинин кире бериш жериндеги эшик терезелерин заманбап эшик терезелерге алмаштыруу.
Ден соолук” программасын аткарууга алуу.
2018-жыл
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет Элдик салым
33
“Раяна” балдар бакчасынын чатырын алмаштыруу
Балдардын ден соолугуна кам көрүү.
2020-2021-жыл
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет Элдик салым
34
“Ынтымак” балдар бакчасынын ашканасына кир жуучу жай куруу(септик)
Санитардык эрежелерди сактоо
2018-жыл
Акман айыл аймагы Камкордук кенеши
Жергиликтүү бюджет Камкордук кенеши
35
Жараке айылындагы сел алып кетүүчү дамба куруу
Сел коркунучун алдын алуу
2018-2019-ж.ж
КР өзгөчө кырдаал-дар Министрлиги, Акман айыл аймагы,
Жергиликтүү бюджет
36
Кайырма айылына 100 орундуу балдар бакчасын курууну буткоруу
“Мектепке чейинки билим берүү”мыйза-мын аткарууга алуу
2023-жыл
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет
37
“Жашыл долбоор” долбоорунун негизинде көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарга көчөт отургузуу
Көчкү жүрүү коркунучунан сактануу чараларын көрүү
2018-2023-ж.ж
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет, Элдик салым
38
Жаны-Акман маданият үйүнун чатырын алмаштыруу,капиталдык ресмонттон өткөрүү
Кыргыз Республикасынын “Маданият” жөнундогу мыйзамын аткарууга алуу
2018-2021-ж.ж
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет Элдик салым
39
Кош-Коргон ,Жараке айылдары менен талаа жолдорун, байланыштырып туруучу көпүрөнү ондоо
Жаны конуштардын социалдык инфраструкту-расын ондоо
2022-жыл
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет Элдик салым
40
Колот айылынын ФАП имаратын жанылап куруу
Жаны конуштардын социалдык инфраструкту-расын ондоо
2018-2021-ж.ж
Акман айыл аймагы
Жергиликтүү бюджет Элдик салым
Акман айыл аймагынын башчысы: М. Коконов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.