# Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-сентябрындагы №154 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу, 2019-жылга иш-планынын жана бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-сентябрындагы №154 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу, 2019-жылга иш-планынын жана бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/431101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-61151/edition/969832/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-сентябрындагы №154 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу, 2019-жылга иш-планынын жана бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (04.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/431101

---

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы

2019-жылдын 04-сентябры №154 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу, 2019-жылга иш-планынын жана бюджетин бекитүү жөнүндө Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматы боюнча Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин билдирүүсүн эске алып, Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин киреше-чыгашасы Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016-жылдын 7-майындагы №56 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык жана 2017-жылдын 1- январынан тартып колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48- “Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери” беренесинин 10-пунктуна ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм жайыт салыгын кошпогондо 740,019 миӊ сомго бекитилсин.

2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.

3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2019-жылга иш-планы бекитилсин.

4. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жайыт комитетинин 2018-жылда пайдаланылбай калган 54,0 миӊ сом 2019-жылы жайттарды жакшыртууга жумшалсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

Э. Сагынбеков
