# Ала-Бука айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы № 5 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы № 5 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/431016>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-61066/edition/968160/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы № 5 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (21.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/431016

---

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ала-Бука айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезексиз 10- сессиясы

2018-жылдын 21-декабры № 5 Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын жана айыл өкмөттүн киреше бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткаруучу Г.Чотбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 10 -сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген Жобого макулдук берилсин.

2. Мамлекеттик салык кызматынын Ала-Бука району боюнча башкармалыгы менен келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Саттаровго жүктөлсүн.

Төрага

М. Мамырбеков
