КР Президентинин ПЖ № 226 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 13-июлу ПЖ № 226 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. 2022-жылдын 10-февралынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалды деп эсептелсин:
- Абдрахманов Рахманаали Аширалиевич;
- Акылбекова Джамиля Дилдебековна;
- Бегимбаева Аида Алыбековна;
- Бектемиров Куралбек Абдималикович;
- Каримова Жыпар Кудайбердиевна;
- Осмонов Тарасбек Сапарбекович;
- Солпуева Назира Мукамендиевна;
- Турмаматов Муратали Курсаналиевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 138
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021