# КР Президентинин 2022-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430981>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9938/edition/1166367/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430981.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (14.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430981

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 14-июну ПЖ № 189 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:

- төмөнкүдөй мазмундагы 271-пункт менен толукталсын:

"271. Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген абдан маанилүү маселелерди коллегиалдуу кароо үчүн Президенттин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясы (мындан ары - коллегия) түзүлөт. Кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп Президенттин Администрациясынын Жетекчиси (коллегиянын төрагасы) жана Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери саналат. Коллегия жөнүндө жобону жана анын курамын Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекитет.".

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясы жөнүндө жобону жана анын курамын бекитсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
