# КР Президентинин 2022-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 183 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 183 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430974>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9932/edition/1167423/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430974.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 183 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы (14.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430974

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 14-июну ПЖ № 183 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 11-бөлүгүн, 71-беренесин жетекчиликке алып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз ара аракеттенип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жогоруда аталган Жобонун ченемдерин түшүндүрүү боюнча маалыматтык өнөктүктү жүргүзсүн.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
