# КР Президентинин 2022-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 196 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 196 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 196
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430973>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9931/edition/1252197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430973.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 196 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (16.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430973

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 16-июну ПЖ № 196 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Кеңештин жана эксперттик жумушчу топтордун ишин уюштуруучулук-методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө, ал эми материалдык-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.";

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө жободо:

- 9-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 10-пунктундагы "6 айда" деген сөздөр "жылына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2022-жылдын 17-июнунда № 53 “Эркин-Тоо гезитинде жарыяланган

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
