Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 196 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 „Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 16-июну ПЖ № 196 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кеңештин жана эксперттик жумушчу топтордун ишин уюштуруучулук-методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө, ал эми материалдык-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
- 9-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы "6 айда" деген сөздөр "жылына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2022-жылдын 17-июнунда № 53 “Эркин-Тоо гезитинде жарыяланган
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын…Положение · 31.03.2021 · № 83
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркундөтүү маселелери боюнча кецеш жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.03.2021 · № 83