# КР Президентинин 2022-жылдын 15-июнундагы ПЖ № 193 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 15-июнундагы ПЖ № 193 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430971>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9929/edition/1254464/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430971.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 15-июнундагы ПЖ № 193 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (22.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430971

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 15-июну ПЖ № 193 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык расписаниесинде:

- 11-пунктунда:

биринчи абзацындагы "91" деген цифралар "85" деген цифралар менен алмаштырылсын; он үчүнчү абзацындагы "13" деген цифралар "7" деген цифра менен алмаштырылсын; он сегизинчи-жыйырманчы абзацтары алып салынсын; жыйырма экинчи абзацындагы "Бөлүм башчысы" деген сөздөр "Бөлүм башчысы - башкармалыктын начальнигинин орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-пунктунда:

биринчи абзацындагы "55" деген цифралар "61" деген цифралар менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацындагы "17" деген цифралар "23" деген цифралар менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он экинчи абзацтар менен толукталсын: "

Кадрдык иштер сектору

6

Сектор башчысы

1

Эксперт

5

".

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
