# КР Президентинин 2022-жылдын 7-июну ПЖ № 178 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 7-июну ПЖ № 178 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430970>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9928/edition/1165163/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430970.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 7-июну ПЖ № 178 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (07.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430970

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 7-июну ПЖ № 178 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик маанидеги документтер, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктары жана Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик бланктары, анын ичинде так эсептеги жана отчеттуулуктагы документтердин бланктары менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Уставдык капиталындагы 65% үлүшү мамлекетке таандык болгон "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коому жана уставдык капиталындагы 77,36% үлүшү мамлекетке таандык болгон "Учкун" ачык акционердик коому мамлекеттик маанидеги документтерди, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктарын жана Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик бланктарын, анын ичинде так эсептеги жана отчеттуулуктагы документтердин бланктарын даярдоочу болуп аныкталсын.";

- 2-пунктунун экинчи, төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
