# КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430965>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9924/edition/1167419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430965.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430965

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 31-майы ПЖ № 171 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары тарабынан этиканын ченемдерин сактоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
