# КР Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430948>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/430948/edition/1160722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430948.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгы (17.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430948

---

КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 18-майы ПЖ № 155 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 63, 2024-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 311, 2025-жылдын 28-апрелиндеги ПЖ № 139, 2025-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 299 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүдөй штаттык сандын чеги белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын борбордук аппараты 143 бирдик санында;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдары 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 4531 бирдик санында.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 299 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-майындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 20-майындагы № 45 (3380) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
