# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 127 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 127 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430946>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9914/edition/1254708/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430946.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 127 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (22.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430946

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 25-апрели ПЖ № 127 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо: 28-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин атайын өкүлдөрү жана Президенттин басма сөз-катчысы Президент тарабынан дайындалат.".

2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров
