Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №147 «Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруу системасын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыгы
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КР Президентинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы ПЖ № 322 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2022-жылдын 11-майы ПЖ №147
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруу системасын реформалоо маселелери жөнүндө Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун (мындан ары - "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААК) түзсүн;
2) "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын уставдык капиталына берилүүгө тийиш мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун тизмесин даярдасын;
3) ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын.
2. "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
1) мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун камсыздоо;
2) мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун акционердик наркын жогорулатуу жана туруктуу өстүрүү;
3) корпоративдик башкарууну киргизүү жана портфелдик компанияларды капиталдын эл аралык рынокторуна чыгаруу;
4) мамлекеттик программаларды жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүү.
3. "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын ишинин төмөнкүдөй принциптери белгиленсин:
1) "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын башкаруу органдарына жана анын портфелдик компанияларына кадрларды тандоо жана көрсөтүү системасынын ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу;
2) "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын жана анын портфелдик компанияларынын директорлор кеңештеринде көз карандысыз директорлордун болушу;
3) конкреттүү финансылык же тармактык максаттуу көрсөткүчтөргө (коммерциялык жана коммерциялык эмес көрсөткүчтөргө) багытталган менеджерлерди сыйлоонун жана алардын жоопкерчилигинин системасын киргизүү;
4) отчеттуулук, туруктуу аудит, финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды ачуу.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы ПЖ № 322 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 147 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер…Указ · 28.11.2023 · № 322
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 662 "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын…Постановление · 28.11.2022 · № 662
- КР Министрлер Кабинетинин 28.11.2022 №662 токтомуПостановление · 28.11.2022 · № 662
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы ПЖ № 322 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 147 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер…Указ · 28.11.2023 · № 322