# КР Президентинин 2022-жылдын 11-майы ПЖ № 149 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 11-майы ПЖ № 149 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430939>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9908/edition/1163527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430939.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 11-майы ПЖ № 149 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгы (15.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430939

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 11-майы ПЖ № 149 Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө

(КР Президентинин 2025-жылдын 20-январындагы ПЖ № 6 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 328 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин, анын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин курамы 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 8-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-августундагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Президент |  | С.Н. Жапаров |
| --- | --- | --- |
| 2-тиркеме |  |  |

Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин КУРАМЫ

(КР Президентинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 328 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

| Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | \- | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы; |
| --- | --- | --- |
| Масабиров Талайбек Айтмаматович | \- | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
| Козубеков Азат Айбекович | \- | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары; |
| Сейитов Чоро Сейитович | \- | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары; |
| Адилбек уулу Шумкарбек | \- | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору; |
| Кыштобаева Гульмира Алимбековна | \- | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
| Чыныбаев Мирлан Койчубекович | \- | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору; |
| Солтонбекова Ализа Карыпбековна | \- | Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары; |
| Кудабаев Зарылбек Исалыевич | \- | Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору (макулдашуу боюнча); |
| Третьякова Татьяна Алексеевна | \- | Кыргызстандын Улуттук мониторинг жана баалоо тармагынын координатору (макулдашуу боюнча); |
| Добрецова Надежда Николаевна | \- | "Өнүктүрүү саясат институту" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
| Ким Татьяна Михайловна | \- | "Кыргыз Республикасынын салык кеңешчилеринин палатасы" кесиптик коомдук бирикмеси" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
| Сыдыков Аскар Куттубекович | \- | "Эл аралык ишкердик кеңеши" ассоциациясы юридикалык жактардын бирикмесинин ("International business council") аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
| Кочорбаева Зульфия Ирисовна | \- | "Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
| Сагинбаева Алина Уларбековна | \- | "АКИпресс" маалымат агенттигинин башкы директору (макулдашуу боюнча). |
