# КР Президентинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ №140 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ №140 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430938>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9907/edition/1163529/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430938.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ №140 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" жарлыгы (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430938

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2022-жылдын 30-апрели ПЖ №140 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 4-пункттарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым иштеп жаткан судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн Талас облусунун төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:

- Талас облустук сотуна:

Абдылдаев Алмазбек Жолдошбекович - Ош облустук сотунан; Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич - Баткен облустук сотунан; Акбаров Шакирали Айтбаевич - Жалал-Абад облустук сотунан; Ботоев Ильяс Кулубаевич - Жалал-Абад облустук сотунан; Кыдырбаев Жаркынбек Садирбекович - Ош облустук сотунан; Мадмарова Эльнара Абдувалиевна - Ош облустук сотунан; Майлубашов Нурбек Рысбаевич - Ош облустук сотунан; Пазылов Мамасаит Мамытович - Баткен облустук сотунан;

- Талас облусунун административдик сотуна:

Багишев Данияр Мансурович - Жалал-Абад облусунун административдик сотунан; Эргешов Сулайман Кадырбекович - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан;

- Бакай-Ата райондук сотуна:

Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович - Баткен облусунун Лейлек райондук сотунан; Матисаков Кадырбек Монокбаевич - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;

- Кара-Буура райондук сотуна:

Бапанова Гулмира Шериевна - Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунан;

- Манас райондук сотуна:

Жолдошалиев Расул Абдыракманович - Баткен облусунун Баткен райондук сотунан; Садыков Алтынбек Кадырбаевич - Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунан;

- Талас шаардык сотуна:

Мамашов Алмаз Абдибалиевич - Ош облусунун Өзгөн райондук сотунан; Мамбетова Чинара Сталбековна - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунан; Турсункулов Муктарбек Ыманкулович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;

- Талас райондук сотуна:

Ганиев Жоомарт Махамадисакович - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунан; Жаназаков Бакытбек Маасыдыкович - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунан.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди чечсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
