Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №138 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2022-жылдын 30-апрели ПЖ №138 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 4-пункттарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым иштеп жаткан судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн Ысык-Көл облусунун төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:
- Ысык-Көл облустук соту:
Абдраимов Азамат Жармаматович - Жалал-Абад облустук сотунан; Абдыбеков Алдаярбек - Нарын облустук сотунан; Аданбаев Зарипбек Максутович - Баткен облустук сотунан; Жобонов Койчубек Касымович - Ош облустук сотунан; Закиров Самирбек Жанышевич - Ош облустук сотунан; Калыков Бакыт Усенканович - Жалал-Абад облустук сотунан; Чериков Нурлан Кийикбаевич - Бишкек шаардык сотунан;
- Ак-Суу райондук соту:
Мойдунов Абдисалам Абылкасымович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан; Токтосунов Тилек Калыкович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
- Ысык-Көл облусунун административдик соту:
Барынбаев Жеңишбек Базармаматович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан; Мамадалыев Асылбек Райимбердиевич - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунан;
- Балыкчы шаардык соту:
Кожомкулов Алайбек Рамазанович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан; Турдумамбетова Индира Таштанбековна - Баткен облусунун Баткен райондук сотунан;
- Жети-Өгүз райондук соту:
Бекташов Нурпаис Абилатович - Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунан; Максатбеков Султан Максатбекович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан;
- Ысык-Көл райондук соту:
Батыралиев Кайрат Абдуллаевич - Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунан; Бекчалов Кенешбек Нуржалилович - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад райондук сотунан; Дыйканов Нургазы Пиримбердиевич - Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунан; Жантороева Элнура Мурадиловна - Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунан; Насирова Ташкан Жумабаевна - Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунан;
- Каракол шаардык соту:
Абдираев Азамат Парпиевич - Ош облусунун Ноокат райондук сотунан; Туманова Венера Сүйүнбаевна - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан; Эргешова Элиза Исаковна - Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунан;
- Тоң райондук соту:
Каримбеков Ниматилла Исмаилович - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунан;
- Түп райондук соту:
Гуламидин уулу Элчибек - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан; Салиев Канатбек Камчыбекович - Баткен облусунун Лейлек райондук сотунан; Шарипбай уулу Керимбек - Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунан.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 138
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122