# КР 2022-жылдын 14-майындагы ПЖ № 153 "Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 14-майындагы ПЖ № 153 "Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430935>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9904/edition/1160084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430935.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2022-жылдын 14-майындагы ПЖ № 153 "Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы (14.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430935

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 14-майы ПЖ № 153 Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө Калктын аялуу катмарларын, анын ичинде бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды (18 жаштан жогору) баккан жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 1-июнунан тартып:

1) мамлекеттик төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрүнүн өлчөмдөрүн көбөйтсүн:

- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду - 810 сомдон 1200 сомго чейин;

- жалпы оорудан I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду - 2500 сомдон 5500 сомго чейин;

- жалпы оорудан II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду - 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

- жалпы оорудан III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду - 1500 сомдон 2000 сомго чейин;

- ата-энесинин биринен айрылган балдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду - 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

- баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпулду - 2500 сомдон 3000 сомго чейин;

- улгайган жарандарга ар айлык социалдык жөлөкпулду - 1500 сомдон 2000 сомго чейин;

2) бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү киргизсин;

3) ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын тапсын жана бөлүп берсин;

4) 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдын апрель-июнь айларында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн;

5) ушул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган чараларды көрсүн.

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
