Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 139 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 30-апрели ПЖ № 139 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 4-пункттарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым иштеп жаткан судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн Нарын облусунун төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:
- Нарын облустук сотуна:
Дуйшеев Эркин Турдумаматович - Ош облустук сотунан; Жороев Султангазы Золотунович - Жалал-Абад облустук сотунан; Жунусов Шарипбек Топчубаевич - Ош облустук сотунан; Нарынбаев Таштанбек Пахирович - Баткен облустук сотунан; Султанканов Бактыбек Султанканович - Жалал-Абад облустук сотунан;
- Нарын облусунун административдик сотуна:
Ахметова Айнура Касымбековна - Чүй облусунун административдик сотунан; Хусанов Айбек Исманалиевич - Жалал-Абад облусунун административдик сотунан;
- Ак-Талаа райондук сотуна:
Раимкулов Эрмек Раимкулович - Ош облусунун Ош шаардык сотунан; Шаназаров Карабай Кожомбердиевич - Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунан;
- Ат-Башы райондук сотуна:
Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевич - Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунан;
- Кочкор райондук сотуна:
Сарыбаев Омурбек Рыскулович - Ош облусунун Өзгөн райондук сотунан; Сыдыгалиева Асел Бабановна - Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунан;
- Нарын шаардык сотуна:
Омуралиев Бакытбек Эмилбекович - Ош облусунун Ноокат райондук сотунан; Осмонов Сотибек Ырыскулович - Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунан; Суханбердиев Данияр Абдамитович - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунан; Эрматова Гулзат Муктаровна - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунан;
- Нарын райондук сотуна:
Маматов Куштарбек Иссаевич - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан; Турдумбетов Мунарбек Шерматович - Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунан.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 138