# КР Президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 88 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 88 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430903>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9882/edition/1158717/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430903.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 88 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы (30.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430903

---

КР Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 110 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2022-жылдын 24-марты ПЖ № 88 Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 5-декабрындагы № 393 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 28-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 20-октябрындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 5-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
