# КР Президентинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги ПЖ № 114 "Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги ПЖ № 114 "Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430902>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9881/edition/1164151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430902.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги ПЖ № 114 "Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы (09.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430902

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 13-апрели ПЖ № 114 Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө (КР Президентинин 2022-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 179 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Ош шаардык клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана чыңдоо, инфраструктурасын модернизациялоо, ошондой эле Ош мамлскеттик университетинин клиникалык базасын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Ош шаарынын мэриясы Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 157 дарегинде жайгашкан, аянты 2,08 га жер участогу менен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын имараттарын клиникалык база катары пайдалануу үчүн Ош мамлекеттик университетинин карамагына белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү жүргүзсүн.

(КР Президентинин 2022-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 179 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жана Ош шаарынын мэриясы:

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

3. Ош мамлекеттик университети:

- ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүлүп берилүүчү объекттерди кабыл алсын жана сакталышын камсыз кылсын;

- откөрүлүп берилүүчү объекттерди мындап ары күгүүнү камсыз кылсын жана алардын материалдык-техникалык базасын толук жаңылоону (оздүк жана демоорчүлүк каражаттардын эсебинен) жүргүзсүн;

- өткөрүлүп берилүүчү объекттерди андан ары ажыратпастан, максаттуу багыты боюмча гана пайдалансын.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндон тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
