# КР Президентинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 105 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 105 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430897>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9877/edition/1139833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430897.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 105 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (06.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430897

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 6-апрели ПЖ № 105 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө жободо:

- 4-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн (мындан ары - бөлүм) башчысы кызмат орду боюнча Кеңештин катчысы болуп эсептелет.";

- 8-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин КУРАМЫ Кеңештин Төрагасы:

- Кыргыз Республикасынын Президенти;

Кеңештин мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы;

- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

- "Адилет" укуктук клиникасынын директору (макулдашуу боюнча).
