# КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430888>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9870/edition/1137424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430888.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы (28.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430888

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 28-марты ПЖ № 93 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын андан ары системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
