# КР Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430877>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9860/edition/1133474/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430877.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгы (05.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430877

---

КР Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 4-марты ПЖ № 70 Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу Туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 43-3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
