Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 26-февралы ПЖ № 64 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:
- 18-пунктунда:
бешинчи абзацындагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин жарлыктарынын жана буйруктарынын" деген сөздөр "Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; тогузунчу абзацындагы "Министрлер Кабинетинин жетекчилигине" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасына, анын орун басарларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пунктунда:
4-пунктчасындагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин актыларын жана тапшырмаларын" деген сөздөр "Президенттин актыларын жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-пунктчасындагы "жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигин" деген сөздөр ", Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана анын орун басарлары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 7-пунктчасындагы "жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигине" деген сөздөр ", Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана анын орун басарларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 10-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын тапшырмалары боюнча, ошондой эле өз демилгеси менен белгиленген тартипте кызматтык иликтөөлөрдү уюштурат жана жүргүзөт, алардын жыйынтыгы боюнча Президенттин чечимдерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине карата тартиптик таасир этүү чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизет;";
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчиси болуп саналат. Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Президенттин түздөн-түз жетекчилиги алдында иштейт, ушул Жободо белгиленген компетенциясынын чегинде Президенттин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча аткаруучулук, контролдоо жана тескөөчү функцияларды аткарат.";
- 25-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жок мезгилде анын милдеттерин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары аткарат.";
- 27-пунктунда:
төртүнчү абзацындагы "мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр алып салынсын; он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Президент тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын катчылыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы жөнүндө жана Кырдаалдык борбор жөнүндө жоболордон тышкары, ушул Жобого ылайык Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;"; он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Президенттин Администрациясынын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, анын ичинде өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн берүүгө укуктуу.";
- 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кенешинин катчысын кошпогондо, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери, Президенттин Администрациясынын башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Президенттин басма сөз-катчысы Президент тарабынан дайындалат. Башкармалыктардын начальниктеринин орун басарлары башкармалыктын начальнигинин Президенттин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашылган сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Башкармалыктын начальнигинин орун басары кызмат ордун айкалыштырган бөлүм башчыларды кошпогондо, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдүн (бөлүмдөр, секторлор) жетекчилери башкармалыктын начальнигинин сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат. Өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана башкармалыктардын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарлары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башка кызматкерлери тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.";
- 5-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилери жана жардамчылары";
- 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Президенттин кеңешчилери жака жардамчылары Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилери жана жардамчылары Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Спичрайтерлер, улук референттер Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчилери жана жардамчылары (мындан ары - кеңешчилер жана жардамчылар), спичрайтерлер, улук рефереттер ушул Жободо, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин башка актыларында жана тапшырмаларында, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларында белгиленген компетенцияга ылайык иштейт.";
- 33-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилеринин милдеттери Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан аныкталат."; үчүнчү абзацындагы "жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисине" деген сөздөр алып салынсын;
- 34-пунктунда:
үчүнчү жана бешинчи абзацтарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Президенттин Администрациясынын Жетекчиси" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; алтынчы абзацындагы "жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин" деген сөздөр ", Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 35-пунктундагы "жана Президенттин Администрациясынын Жетекчиси" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" деген 1-главасынын онунчу абзацы "Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети";
2) жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемеси ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык расписаниеси ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 476 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын ишин координациялоо боюнча ишин камсыз кылуу;";
- 6-пунктунда:
он биринчи - он алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтардын, ошондой эле ар кандай булактардан алынган башка маалыматтардын негизинде төмөнкү маселелерге тиешелүү маалыматтарга мониторинг жүргүзүүгө жана жалпылоого: мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү сактоо, конституциялык түзүлүштү коргоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө; улуттук коопсуздукту, укук тартибин жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу; жарандык коргонуу, өрт, химиялык жана радиациялык коопсуздук, анын ичинде кооптуу табигый, техногендик процесстерди жапа кубулуштарды болжолдоо; кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү; кылмыш-жаза аткаруу системасынын жана пробациянын иши, соттук-эксперттик иш;"; төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи - отузунчу абзацтар менен толукталсын: "иштин башка чөйрөлөрү;
- Кырдаалдык борбордун милдеттерин аткаруу үчүн укук коргоо органдарынын, мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын маалыматтык жана башка маалымат базаларына кошулуу аркылуу маалыматтык-аналитикалык системаларды, программалык жана техникалык каражаттарды колдонуу менен маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде белгиленген тартипте чогултууга жана иштеп чыгууга;
- Кырдаалдык борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетине, Президенттин Администрациясына даректелген каттарды жана башка кайрылууларды кароого;
- Кырдаалдык борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга, Президенттин Администрациясында ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүгө жана жол-жоболук коштоого;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Кырдаалдык борбор кураторлук кылган мамлекеттик органдарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген жетекчилик кызматтарга аңгемелешүүлөрдү өткөрүүгө жана талапкерлерди сунуштоого;
- Кырдаалдык борбордун компетенциясына кирген, анын ичинде төмөнкү чөйрөлөрдөгү маселелер боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоого:
коомдук коопсуздукту, укук тартибин жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу; коргоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо; жарандык коргонуу, өрт, химиялык жана радиациялык коопсуздук, анын ичинде кооптуу табигый, техногендик процесстерди жана кубулуштарды болжолдоо; кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү; кылмыш-жаза аткаруу системасынын жана пробациянын иши; соттук-эксперттик иш;
- Кырдаалдык борборго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-глава менен толукталсын:
"5. Кураторлук
15. Кырдаалдык борбор белгиленген компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө кураторлук кылат:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине (кылмыш-жаза аткаруу системасы, соттук-эксперттик иш жана пробация бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине (бажы чөйрөсүндөгү укук коргоо ишинин маселелери боюнча, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине.".
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту.
7. Бул Жарлык 2021-жылдын 12-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 3-пунктунун 1-пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.01.2017 · № 17
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425
- КР Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № ПЖ № 472 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.10.2021 · № 472
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 07.05.2021 · № 134
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 476 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө" жарлыгыУказ · 22.10.2021 · № 476 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.