# КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 63 "Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 63 "Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430863>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9848/edition/1130391/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430863.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 63 "Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430863

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 24-февралы ПЖ № 63 Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 241-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка маселелерди чечүү боюнча ишти жүргүзсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 16-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-ноябрындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 24-июнундагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 1-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 73 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 1-мартындагы № 22 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
