Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 20 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 1-февралы ПЖ № 20 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу жөнүндө Кыргыздын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгынын урматына жана анын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө жана калыптанышына кошкон маанилүү тарыхый салымын таанып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун ысымы ыйгарылсын жана мындан ары ал "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021