# КР Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 25 "Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 25 "Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430844>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9832/edition/1241719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430844.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 25 "Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы (23.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430844

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 2-февралы ПЖ № 25

Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Президентинин 2024-жылдын 23-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Мамлекеттик кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 6, 7-бөлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 4-февралындагы № 14 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
