Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 25 «Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 2-февралы ПЖ № 25
Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Президентинин 2024-жылдын 23-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 6, 7-бөлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 4-февралындагы № 14 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- А. Э. Акынбековдун, С. А. Матцаковдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген иштеген жылдары үчүн…Конституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 27.03.2024
Цитата келтиргендер (5)
- (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 25 Жарлыгына "Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана…Положение · 02.02.2022 · № 25
- А. Э. Акынбековдун, С. А. Матцаковдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген иштеген жылдары үчүн…Решение Конституционного суда · 27.03.2024
- Сайлык айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январы № 01-3/6 "Сайлык айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек стажы үчүн пайыздык үстөк акы төлөө үчүн муниципальдык кызматтын стажын…Постановление · 30.01.2023 · № 01-3/6
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 23-январындагы ПЖ № 6 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 "Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк…Указ · 23.01.2024 · № 6
- КР Президентинин 2023-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 90 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча айрым жарлыктарына…Указ · 10.04.2023 · № 90
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.