# КР Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430837>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9829/edition/1128065/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430837.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгы (08.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430837

---

КР Президентинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 280 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 18-январы ПЖ № 12 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын маселелери жөнүндө Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын иштешин камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги эң маанилүү инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн илимий кызматкерлерди даярдоонун деңгээлин жана статусун жогорулатуу максатында токтом кылам:

1. Бекитилсин:

- Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;

- Эксперттик кеңеш жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 28-январындагы № 12 (3347) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
