# КР Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 569 "Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 569 "Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 569
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430823>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9816/edition/1117590/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430823.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 569 "Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө" Жарлыгы (20.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430823

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 20-декабры ПЖ № 569 Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук тейлөө максатында токтом кылам:

1. Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ишин уюштуруучулук жана финансылык камсыздоо маселелерин чечсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-декабрындагы № 154 (3333) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
