# КР Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 566 "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 566 "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 566
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9815/edition/1134010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 566 "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө" Жарлыгы (31.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430822

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 17-декабры ПЖ № 566 Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө

(КР Президентинин 2022-жылдын 11 мартындагы ПЖ № 76, 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 101, 2026-жылдын 31-мартындагы № 133 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Туристтик тармактын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү (анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөрдү) реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун белгиленген тартипте түзсүн;

- Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.

(В редакции Указа Президента КР от 11 марта 2022 года УП № 76)

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы

(КР Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 133 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Улуттук кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары. Улуттук кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз туристтик уюмдардын ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Hospitality Kyrgyzstan" ("Хоспиталити Кыргызстан") коомдоштуктарына негизделген Кыргыз туризм ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Экономикалык палата" ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын туристтик дестинациялар альянсынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Тоо лыжа базалары ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "HoReCa клуб" мейманкана жана ресторан ээлеринин ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
