Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 576 « Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 „2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года УП № 408 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-23.
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 23-декабры ПЖ № 576 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссия жөнүндө жободо:
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жана 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун туугандарынын жана жабыр тарткандардын коомдук бирикмелеринин жетекчилеринен түзүлөт. Комиссиянын ишин уюштурууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмү камсыз кылат.";
- 13-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 14-пунктундагы ар кандай жөндөмө формаларындагы "төрагалык кылуучу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "төрага" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 28-августундагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Тиркеме
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы; Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Борбордук казыналыктын директору; "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); "Эр Теги" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Апрель Баатырлары" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Баатырларга Таазим" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Жаркын Элес" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Айкөл Таза Коом" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Апрель. Элим. Кыргызстан" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Апрель Баатырлар Биримдиги" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы ПЖ № 39 Жарлыгы менен бекитилген "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын…Положение · 21.02.2011 · № 39
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 408 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.12.2022 · № 408
- КР Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы ПЖ № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча…Указ · 21.02.2011 · № 39 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 166 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек…Указ · 28.08.2020 · № 166 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 408 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.12.2022 · № 408
- КР Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы ПЖ № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча…Указ · 21.02.2011 · № 39 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 166 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек…Указ · 28.08.2020 · № 166 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 59