# КР Президентинин 2021-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 575 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 575 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 575
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430809>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9803/edition/1114304/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430809.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 575 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө" Жарлыгы (23.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430809

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 23-декабры ПЖ № 575 Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо, мындан ары улуттук, тарыхый каада-салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззакович Раззаковдун ысымын түбөлүккө каптыруу максатында, анын мамлекеттүүлүктү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө сиңирген зор эмгегин эске алып, туулган күнүнүн 110 жылдыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана 86-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө:

1) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаары деп кайра атоо маселесин белгиленген тартипте карасын;

2) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жогоруда аталган мыйзам долбоорун кезексиз тартипте кароо сунушталсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
