КР Президентинин ПЖ № 571 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 21-декабры ПЖ № 571 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө Инвестицияларды тартуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында инфраструктураны өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- эки жумалык мөөнөттө Мамлекеттик дирекция жөнүндө жобону бекитсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык, уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-декабрындагы № 154 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 3 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-июнундагы ПЖ N 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Социалдык-экономикалык жана…Указ · 14.06.2022 · № 188
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди…Постановление · 12.01.2022 · № 3
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы №3 токтомуПостановление · 12.01.2022 · № 3
Документ шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021