# Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2021-жылдын 17-декабры ПЖ № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2021-жылдын 17-декабры ПЖ № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 565
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430805>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9799/edition/1240173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430805.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2021-жылдын 17-декабры ПЖ № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө" (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430805

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 17-декабры ПЖ № 565

Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө (КР Президентинин 2022-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 178, 2022-жылдын 29-июлундагы ПЖ № 251, 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 65 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоону камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо боюнча мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын (компаниялардын) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик маанидеги документтерди жасалмалоону жана фальсификациялоону болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы "Типография" мамлекеттик ишканасы жана уставдык капиталындагы 77,36% үлүшү мамлекетке таандык болгон "Учкун" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик маанидеги документтерди, Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктарын жана Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик бланктарын, анын ичинде так эсепке алуу жана отчеттуулук документтеринин бланктарын даярдоочулар болуп аныкталсын.

(КР Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- "Учкун" ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине киргизсин;

- "Учкун" ачык акционердик коому тарабынан ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторун чыгаруунун толук цикли ишке киргизилгенге чейин бул документтер менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык чараларды көрсүн;

- бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

(КР Президентинин 2022-жылдын 29-июлундагы ПЖ № 251 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
