Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы ПЖ № 565 «Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 17-декабры ПЖ № 565
Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө (КР Президентинин 2022-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 178, 2022-жылдын 29-июлундагы ПЖ № 251, 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 65 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоону камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо боюнча мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын (компаниялардын) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик маанидеги документтерди жасалмалоону жана фальсификациялоону болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы "Типография" мамлекеттик ишканасы жана уставдык капиталындагы 77,36% үлүшү мамлекетке таандык болгон "Учкун" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик маанидеги документтерди, Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктарын жана Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик бланктарын, анын ичинде так эсепке алуу жана отчеттуулук документтеринин бланктарын даярдоочулар болуп аныкталсын.
(КР Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- "Учкун" ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине киргизсин;
- "Учкун" ачык акционердик коому тарабынан ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторун чыгаруунун толук цикли ишке киргизилгенге чейин бул документтер менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык чараларды көрсүн;
- бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
(КР Президентинин 2022-жылдын 29-июлундагы ПЖ № 251 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-августундагы № 473 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атанын мамлекеттик бланктарды даярдоого байланышкан…Постановление · 24.08.2022 · № 473
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 29-июлундагы ПЖ № 251 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги…Указ · 29.07.2022 · № 251
- КР Президентинин 2022-жылдын 7-июну ПЖ № 178 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик…Указ · 07.06.2022 · № 178
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 65 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги…Указ · 23.03.2023 · № 65
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 282 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-августундагы № 473 "Мамлекеттик…Постановление · 29.05.2023 · № 282
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.11.2023 · № 630
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 025-жылдын 18-июну № 348 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.06.2025 · № 348 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
5 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 59
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон