# КР Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 78 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 78 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430802>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9797/edition/1114727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430802.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 78 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгы (19.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430802

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 19-марты ПЖ № 78 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы № 214 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги № 156 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 27-ноябрындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын 1-пунктунун төртүнчү-тогузунчу абзацтары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 19-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 25 (3204) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
