# КР Президентинин 2021-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 558 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 558 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 558
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430800>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9795/edition/1130358/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430800.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 558 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (12.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430800

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 10-декабры ПЖ № 558 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Президентинин 2024-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 187 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) (КР Президентинин 2024-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 187 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия тууралуу жободо:

- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"6. Комиссиянын ишин Комиссиянын катчылыгы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн кадрдык иштер сектору камсыз кылат.";

- 9-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Комиссиянын төрагасы Комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктарын Комиссиянын мүчөлөрүнүн бирине туруктуу негизде өткөрүп берүүгө укуктуу.".

(КР Президентинин 2024-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 187 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 26-июнундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 14-декабрындагы № 149 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

Тиркеме

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын профсоюздук комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн кадрдык иштер секторунун башчысы, Комиссиянын катчысы.".
